Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирус дагы бир кыргызстандыктын өмүрүн алды. Жалпы 23 адам көз жумду

8-июнга карата СOVID-19 дагы 25 адамдан аныкталды

8-июнга карата Кыргызстанда СOVID-19 дагы 25 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Коронавируска жаңы чалдыккандардын ичинен 18и - Бишкекте жана жетөө Чүй облусунда аныкталган

Жалпысынан өлкө боюнча СOVID-19 2032 жолу катталды.

Акыркы сутка ичинде ооруканалардан 20 бейтап айыгып чыкты:

Бишкекте -17;
Нарын облусунда– 2;
Жалал-Абад облусунда – 1.

Өлкө боюнча илдетти жеңип чыккандардын саны - 1445.

Муну менен бирге Үсөнбаев Нарын облустук бириктирилген ооруканасында коронавирустан дарыланып жаткан 67 жаштагы аял көз жумганын маалымдады. Саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын айтымында ал оор түрдөгү анемиядан жабыркап келген.

Өлкө боюнча жалпысынан коронавирус 23 адамдын өмүрүн алды.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 5 медициналык кызматкерлерден табылды:
Бишкекте – 4;
Чүй облусунда – 1.

Ошол эле маалда акыркы суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгышты.

Кыргызстанда башынан бери 400 медициналык кызматкерге коронавирус жуккан. Алардын 282си айыгып чыкты.

Бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 564 бейтап дарыланууда, 3 адам - кайра жандандыруу бөлүмдөрүндө.

Нурболот Үсөнбаев жарандарды этият болуп, коронавируска чалдыкпоо үчүн бардык керектүү чараларды көрүүгө чакырды.
- Кайдан жуктурганы белгисиз бейтаптар көбөйүүдө, - деди ал. Мисалы, бүгүн эле 10 адам кайдан илдетке чалдыгып калышканын билишпейт. Эпидемиологиялык абал дагы деле кооптуу, унутпаңыздар.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх