Москвада курьер болуп эмгектенген кыргызстандыктар компанияны “эсине келтирүү” үчүн жумушка чыкпай коюшту (видео)
«Компания бизди баалабай калды. Келиңиздер, дем алыш алалык. Алар жакшылап ойлонуп көрүшсүн»
Москваднын Түштүк-батыш станция метросундагы Delivery Club тамак-аш жеткирүү кызматында иштеген кыргызстандыктар чогулуп дем алыш алып, жетекчилигин “эсине келтирелик” дешкен. Алардын мекендештерине кайрылган видеосу Инстаграм социалдык тармагында тарап жатат.
«Биз Юго-западныйдагы «Delivery Club» кызматында иштейбиз. 5-июнга дем алыш алалык деп чечтик. Компания бизди баалабай калды: күн сайын жөнү жок айып пул салып, өз билемдик менен эрежелерди киргизишет, каалаган жагына жиберишет. Келгиле дем алыш алалык, алар жакшылап ойлонушсун. Бул жакта эч ким эч кимди кыйнаган жок. Жүрөгүңүздөр айтканды кылыңыздар», - деп аталган компаниянын кыргызстандык кызматкерлери мекендештерине кайрылышкан.
Фото www