Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сыдымандын иши: Соттук отурум токтотулду

Октябрь райондук сот лингвистикалык экспертиза дайындады

Октябрь райондук сотунун судьясы Sydyman каймана атка ээ блогерге каршы кылмыш ишин кароону убактылуу токтотту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Али Магеев билдирди.

Жактоо тарап блогердин түз эфиринин видеосуна психо-лингвистикалык комплекстүү экспертиза дайындоо өтүнүчүн киргизген.
- Сот биздин өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырды, психо-лингвистикалык комплекстүү экспертиза дайындады - деди адвокат.

Сот кылмыш ишин кароону убактылуу токтотуп, материалдарды экспертизага жөнөттү.

Эске салсак, буга чейин жарыш сөздөрдүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо блогерди 6 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Элмир Сыдыманов аймак аралык кастыкты козуткан сөздөрү үчүн кармалган. Блогер Жазык кодексинин 313-беренеси ("Аймактар, улуттар аралык же диний, этникалык жана расалык кастыкты козутуу") боюнча айтыпталып жатат. Ал үй камагына бошотулган.

Sydyman Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасында Кыргызстандын айрым аймактарынын жашоочулары боюнча өзүнүн терс пикирин билдирген.

Көп өтпөй ал кыргызстандыктарган кечирим сураган видеосун жүктөгөн.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх