Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан чегиртке каптоо коркунучу алдында турат

Учурда Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын дыйкандары чегирткенин айынан зыянга учурашууда

Соцтармактын колдонуучулары Борбор Азияны чегиртке каптап жатканын талкуулап жатышат. БУУнуну азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматына караганда, 2020-жылдын башынан бери Чыгыш Африка, Түштүк-Батыш Азия жана Кызыл деңиздин тегерегиндеги аймактарда зыяндуу чегирткелердин өрчүшүнө ылайыктуу климат түзүлгөн.
Эфиопия, Сомали жана Кенияда азык-түлүк, эгин аянттары чегирткеге жем болуп, бул өлкөлөрдөгү абал өзгөчө кооптулукту туудуруп жатканы белгиленди.

ЖМКлар чегиртке Йемен, Оман, Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана Ирак, ошондой эле Иран, Пакистан, Афганистан жана Индияга чейин жеткенин маалымдашууда. Кийин зыяндуу чегирткелер Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстанда байкалган.

Кыргызстан боюнча айтсак, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин сайтында биздин өлкөдө зыяндуу чегирткелер айыл чарбасына потенциалдуу коркунуч жаратып жатканы жазылган.

«Жыл сайын республика боюнча зыяндуу чегирткелер айыл чарбасына, экономикага, ошондой эле республикасынын азык-түлүк коопсуздугуна потенциалдуу коркунуч жаратууда.
Зыяндуу чегирткелердин негизги тарыхый ареалдары Фергана өрөөнүндө — үч республиканын — Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чектешкен аймактарда, ошондой эле Чүй жана Талас облустарында – Казакстан менен чектеш райондордо таркалып, зыяндуу чегирткелердин массалык чыгуу учурунда өзгөчө кырдаалдар жаралып, чектеш өлкөлөрдүн аймагына массалык түрдө учуп өтүүсү менен коштолот.

Белгилей кетсек, азыркы учурда коңшу өлкөлөрдөгү (Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан) жана региондордогу (Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш, Аравия жарым аралынын, Индия, Пакистан, Иран) зыяндуу чегирткелердин массалык түрдө таралуусуна байланыштуу жаралган абал — биздин өлкөбүздүн аймагына да учуп келүүсү менен айыл чарбасына зыян келтирүүсү мүмкүн», - деп жазылган министрликтин сайтында

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх