Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды

Көз жумгандар башка оорулардан дагы жабыркап келишкен

Кыргызстанда COVID-19 жуктурган дагы эки адам көз жумду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Анын айтымында каза болгон биринчи бейтап Панфилов районунан болгон. Ал коронавирус жуктуруп алгандан кийиин мурда кыйнап жүргөн илдеттери күчөп кеткен.

- Саламаттыкты сактоо министрлиги терең кайгыруу менен акыркы суткада COVID-19 жуктурган эки бейтап каза болгонун билдирет, - деп белгиледи Үсөнбаев. - 1950-жылы туулган пенсия курагындагы адам. Ал райондук ооруканага өтү ооруп кайрылган, кайрылган учурда дене табы да жогору болгон. Эки тараптуу пневмония, кант диабети, гипертоникалык оорусу бар экени аныкталган. Мурдагы ооруларынын бары күчөп кеткен. Көрүлгөн бардык аракеттерге карабай, кечээ ал каза болуп калды.

Экинчи учур Жалал-Абад облусунда катталган. Көз жумган аялдын дагы бир катар өнөкөт оорулары болгон.

- Экинчи учур Жалал-Абад облусунда орун алды, - деди министрдин орун басары. 1947-жылы туулган аял каза болду. Ал медициналык жардам сурап кайрылган. Кант диабети, эки тараптуу пневмония, гипертоникалык оору аныкталган. COVID-19 мурдагы ооруларын козгоп, кечээ бейтап каза болуп калды. Биз маркумдардын жакындарына терең көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Жалпысынан коронавирус Кыргызстанда 26 адамдын өмүрүн алды.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх