Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

10-июнь: +38. Таласта бир адамдан коронавирус аныкталды

Акыркы сутка ичинде 89 бейтап ооруканалардан айыгып чыгышты

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус дагы 38 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Үсөнбаев Талас облусунда бир адамдан коронавирус аныкталганын билдирди. Бул облус аймагында COVID-19 катталган алгачкы учур болду.

- 10-июнга карата Кыргызстанда коронавирустук инфекция 38 адамдан аныкталды, - деди министрдин орун басары. - Бишкекте -19, Чүй облусунда -6, Нарын облусунда -1, Ошто -6, Ош облусунда -3, Жалал-Абад облусунда -2 жана Талас облусунда -1 бейтап катталды.

Акыркы сутка ичинде ооруканалардан 89 бейтап айыгып чыгышты. Ооругандардын жалпы саны 2093кө жетти.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх