Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ынтымак» партиясынын лидери: Башаламандык болбосун деп расизмге каршы митингге катышуудан баш тарттык

Жылдызбек Турганов ага Бишкектеги акцияда чагымчыл аракеттер орун алышы мүмкүн деген маалыматтар жеткенин айтты

«Ынтымак» партиясынын лидери Жылдызбек Турганов АКШ жараны Джордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу тынчтык митингине катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

Анын айтымында ага тынчтык акциясында чагымчыл аракеттер орун алышы мүмкүн деген маалыматтар жеткен, буга байланыштуу ал иш-чарага катышуудан баш тарткан.

- Биз тынчтык митингин уюштуруп, тигил акылдууларга (АКШ -ред.) бизде демократия бар экенин көрсөткүбүз келген, - деди Турганов. - Алар дайыма демократия үчүн күрөшүп, башкаларга өрнөк катары көрсөтүлүшөт. Америкада кыргыз мигранттар, студенттер жашайт. Аларды Флойддукундай тагдыр күткөн жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Мага акцияда башаламандыктар болот деген маалымат жетти. Биз жөн гана келип, үн-сөз жок эле, өз көз карашыбызды билдирелик дегенбиз. Мени колдонуп кетели дешти окшойт.

Турганов ага мындай маалымат кандай булактардан келгенин ачыктаган жок.

Эске салсак, бүгүн 10-июнда Бишкектеги Горький сейил багында АКШда полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойдду колдоо боюнча тынчтык митинги өттү. Ага бир гана адам катышып, ал укук коргоо органдары тарабынан орун алган зомбулук көйгөйүн айткан.

«Өзгөчө абал маалында мен комендатурага баргам, ал жактан менин телефонумду сындырышып, эшикке түртүп чыгарып коюшту. Комендатура жоюлду, демек, буга жооп берчү эч ким жок деп жатышат»,- деген ал.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх