Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош базарында COVID-19 аныкталды. Базар карантинге жабылышы мүмкүн

Базарды убактылуу жабуу маселси жакынкы күндөрү мэрияда каралат

Бишкек мэриясында Ош базарын карантинге жабуу маселеси каралууда. Бул тууралуу брифингде борбор калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

Анын айтымында базарда коронавирус инфекциясы катталган.
- Орто-Сай базарында да коронавирус катталып, дезинфекцияга жабылган, - деп эске салды ал. - Ош базарында дагы аныкталды деген маалымат түштү. Жакынкы күндөрү убактылуу жабуу туурасында маселе көтөрүлөт.

Буга чейин борбор калаанын мэриясы Орто-Сай базарында дезинфекциялык иштер 13-июнга чейин жүрөрүн маалымдаган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх