Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Андай баатыр экен, анда келсин». Талас облусунун башчысы коронавируска ишенбеген жаранды өзү кабыл алууга даяр

Аймакка коронавирусту жүк ташуучу унаалардын айдоочулары алып келген болушу мүмкүн

Талас облусуна коронавирусту жук ташуучу унаалардын айдоочулары алып келген болушу мүмкүн. Бул тууралуу брифингде өкмөттүн аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Облуста инфекциянын пайда болушушун бир версиясы ушул экени белгиленди.

- Алгачкы учур Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкеринен аныкталган, кийин анын жолдошунан, үчүнчүсү жолдошунун досунан чыкты, - деп маалымдады аймак башчысыю - Илдетке чалдыккан жубайлардын борбордук көчөдө дүкөнхп бар. Балким, дүкөнгө жүк ташуучу унаалардын айдоочулары токтошчу, ошолордун жугуп калышы мүмкүн.

Муну менен бирге Мураталиев чоң жүк ташуучу уналардан алар жергиликтүү май куюуучу жайлар менен дүкөндөрдө токтобойбуз деген тилкат алуу пландалып жатканын кошумчалады.

-Чек арада биз айдоочулардан ПЦР тесттерди алабыз, - деп белгиледи ал. - Бардык дүкөндөргө айдоочуларды тейлебегиле деп жатабыз. Азыр борбордук көчөдө жайгашкан мечитти жабалык деп чечүүдөбүз. Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары намаз окуганы мечитке токтоп, контакт болуп калышы мүмкүн.

Мураталиев ошондой эле коронавирус жуккан медицина кызматкеринде оорунун белгилери 7-июнда, ал эми анын күйөсүндө 5-июнда байкалганын айтып берди.

- Андан жуккан эмес, медиктин бардык кесиптештери тест тапшырып, жыйынтыктары таза чыкты, - деп баса белгиледи ал.

Андан соң Талас облусунун башчысы коронавирус жок деген имиштерди тараткан жарандарга кандай чара көрүлөрү туурасында сөз кылды.

- Коронавирус менен ооругандар менен кол алышып, учурашам деген эркек киши андай баатыр болсо, келсин, киргизип көрсөтөйүн, бирок, эл алдында кийин өзү жооп берет, - деди аткаминер. -Ушактар боюнча биз укук коргоо органдарына кайрылганга мажбур болобуз. Биз вирус менен биргеликте гана күрөшө алабыз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх