Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

11-июнь: Кыргызстанда СOVID-19 36 адамдан аныкталды

Ооруканалардан 58 бейтап айыгып чыкты

2020-жылдын 11-июнуна карата Кыргызстанда СOVID-19 жуктурган 36 жаңы учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Илдетке жаңы чалдыккандардын арасынан Бишкекте - 17 адам, Чүй облусунда -3, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 3, Ошто -2, Ош облусунда - 4, Жалал-Абад облусунда -3, Баткен облусунда -1, Талас облусунда - 2 адам бар.

Акыркы сутка ичинде ооруканалардан 58 бейтап айыгып чыкты:
Бишкекте – 33;
Ошто – 17;
Ош облусунда – 1;
Нарын облусунда – 6;
Жалал-Абад облусунда – 1.

10 медициналык кызматкерден өткөн суткада COVID-19 табылды: Бишкекте - 9 жана бирөө Ошто.

Жалпысынан коронавирус жуктурган ак халатчандардын саны 419га жетти, алардын 312си ооруну жеңип чыгышты.

Бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 473 адам дарыланууда, алардын экөөсү реанимацияда. Жалпысынан 1630 адам айыгып, 26 киши көз жумду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда башынан бери 2129 адамдан коронавирус аныкталды.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх