Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги Нарында жасалма дем алдыруучу аппаратта коронавирус менен күрөшүп жаткан бейтаптарды көрсөттү (видео)

Бүгүнкү күндө аймактын ооруканаларында COVID-19 жуккан 66 бейтап дарыланууда

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Нарын облустун бириктирилген ооруканасынын айтылуу «кызыл зонасында» тартылган кадрларды көрсөттү.

Тасмада дарыгерлердин иши чагылдырылып, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган бейтаптарды көрүүгө болот.

Облустук ооруканада учурда коронавирус аныкталган 66 бейтап дарыланып жатканы белгиленген.

Эске салсак, 2020-жылдын 12-июнуна карата Кыргызстанда жалпысынан коронавирус 2166 жолу катталган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх