Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Vesti.kg сайтына 10 жыл! Артка карай көз чаптырабыз

Биз сиздер үчүн эмгектенүүгө даярбыз, достор!

Vesti.kg маалыматтык-аналитикалык агенттигинин түзүлгөнүнө 10 жыл толду. Жылдар өттү, ээлер, журналист жана редакторлор алмашты, бирок, бир нерсе өзгөргөн жок - биз сиздер үчүн иштеп келгенбиз жана мындан ары дагы иштей бермекчибиз

Vesti.kg сайтынын мурдагы башкы директору Оксана Филюк артка карай көз чаптырып, агенттик кантип түптөлүп калганын айтып берди.



2010-жылдын жаз айларында Кыргызстанда абал өтө курч болуп кеткен, Курманбек Бакиевдин башкаруусу маалында бийликте турган көптөгөн саясатчылар куугунтукка алына баштаган. Көптөгөн басылмалар айрым маалыматты акчага да ачык айткандан коркуп турушкан. Бардыгы сестенип турган маал эле.
Мына ошондо жеке маалыматтык агенттикти ачуу идеясы пайда болгон. Албетте, өлкөнүн алдыңкы маалыматтык сайттары менен тең тайлаша турган басылманы ачканга жетиштүү каражат жок эле. Ошондуктан, өзүбүзгө таандык орчундуу багытыбызды түзүүнү чечкенбиз.


Ал кезде Vesti.kg сайтынын урааны «Саясатчылар үчүн аналитикалык ресурс» эле.

- Биз кеңири эмес багытты алалык деп чечкенбиз, - деп эскерди Филюк. – Биз баланча жерде түкүнчө болду деп жазчу эмеспиз. Анын ордуна тигил же бул окуя туурасында саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жөнөкөй жарандардын пикирлерин чагылдырчубуз. Негизги максат ушул болчу. Биз башкалар акча үчүн да жазгандан баш тартып жаткан фактыларды элге айтып берчүбүз.


Өзгөрүү учуруна туш келген башка бардык эле басылмалар сыяктуу Vesti.kg да кесипкөй журналисттерден турган штатты чогултуу кыйынга турган. «Бүгүн барсыңар - эртең жоксуңар да» - көбүнүн пикири ушул эле. Андыктан, редакциянын биринчи жамаатынын көптөгөн мүчөлөрүнө журналистика мектебине айланды десек болот.

- Ошол кезде таптакыр башка тартмактан клегендердин көбү бүгүнкү күндө тажрыйбалуу журналисттерге айланышты, - дейт мурдагы башкы директор. - Мисалы, учурдагы жооптуу редактор Алан Сагимбаев же мурдагы башкы редактор Мария Озмитель. Бардыгын башкы редактор Светлана Локтева такшалтчу. Азыркы күндө качандыр бир кезде «Вестинин» мектебинен өткөндөр азыр башка маалыматтык агенттиктерде кесипкөй журналисттер болуп эмгектенип жатышканына абдан сыймыктанам.

Окурмандар буга таң калышса керек, бирок, Москва  Vesti.kg сайтын эч качан каржылаган эмес, деп баса белгиледи Филюк. Ал мындай "бийик" атты атайын тандашканын, жаңы агенттиктин күчтүү чет өлкөлүк колдоочусу бар го деп ойлошсун дешкенин моюнга алды.

- Ушундай амалкөй пиар-ход кылганбыз, - дейт мурдагы директор. – Бийлик да тийишпей, окурмандар да олутуу мамиле кылышсын дедик.

Баса, бул идея Vesti.kg сайтында бир кездери аналитик болуп эмгектенген белгилүү журналист Александр Шахназаровго таандык.


«Вестинин» дагы бир таң каларлык өзгөчөлүгү бар: редакцияга орношкон жаш улан-кыздардын көбү бат эле турмуш курушат, - деп тамашалады Филюк. – Ал эми никеси барлар сөзсүз наристелүү болушат.


Vesti.kg бүгүн дагы окурмандарга орчундуу маалыматтарды талбай жеткирип, дайыма маанилүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чагылдырууга даяр. Ошондой эле жарнама тармагында дагы кызматташууга ачык.


Биздин жамаат чын ниеттен окурмандарыбыздын, ошондой эле социалдык тармактардагы колдонуучуларыбыздын саны күндөн күнгө көбөйүп жатканына кубанычта. Демек, биз туура багытта аракеттенүүдөбүз.

Биз мындан ары дагы сиздерге эң орчундуу маалыматтарды жарыялап турууга болгон аракеттерибизди кылабыз.

Vesti.kg туулган күнүнүн урматына подарки белектерди да даярдаган.
Бүгүнкү күндөн баштап, 2020-жылдын июлуна чейин маалыматтык колдоо кызматтарына 20 пайыз жана сайтка баннер жарыялоого 30 пайыз арзандатуу сунуштайбыз.
Кийинки он жылдыкта да биз менен бирге болуңуздар!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх