Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

15-июнга карата Кыргызстанда СOVID-19 дагы 87 адамдан аныкталды

Алардын 22си - медициналык кызматкерлер

15-июнга карата Кыргызстанда СOVID-19 дагы 87 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ооруну жаңы жуктургандардын ичинен 48си - Бишкекте, Чүй облусунда -11, Ошто -18, Ош облусунда -5, Ысык-Көл облусунда -2, Жалал-Абад облусунда -3 адам бар.

Жалпысынан коронавируска чалдыккандардын саны 2372ге жетти.

Акыркы сутка ичинде ооруканалардан 22 бейтап айыгып чыкты:

Бишкекте – 7;

Чүй облусунда – 1;

Ош облусунда – 1;

Нарын облусунда -13

Коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 1813кө жетти.

Өткөн суткада 22 медициналык кызматкерден COVID-19 аныкталды:

Бишкекте – 12;

Чүй облусунда– 3;

Ошто – 5;

Ош облусунда – 2.

Сутка ичинде 13 ак халатчан айыгып, ооруканалардан чыгышкан.

Коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 460ка жетти, алардын 354ү айыгып чыгышты.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 531 бейтап коронавирустук инфекциядан дарыланууда, реанимацияда -4. 1817 адам айыгып чыгып, 27 адам көз жумду.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх