Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чубак Жалилов: Сузактагы адам президенттин, бардыгыбыздын колубузду байлап, мойнубузга дөңгөлөк илип койду (видео)

КРнын экс-муфтийи Сузакта күйөөсү аялын кордогон окуя бүтүндөй коомду кордогонго барабар экенин билдирди

Кыргызстандын экс-муфтийи Чубак ажы Жалилов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы эркек кишинин аялын кордогон окуя боюнча үн катты.

«Марал» радиосуна берген маегинде ал эркектин аракеттерин - бүтүндөй коомдун бетине түкүрүүгө барабар деп, окуяны тарткан аял да күнөөлүү деп белгилеген.

«Эгерде үй-бүлөлүк жашоо болбой жатса, бири-бирин кандайдыр-бир күнөө үчүн кечирүү кыйын болуп атса, андан көрө мамилени токтотуп, өзүнчө жашоо куруу керек. Динде бир адамды өлтүрүү бүтүндөй адамзатты өлтүрүүгө барабар. Ал адамдын аракеттери бардыгыбыздын, президенттин да мойнуна дөңгөлөк илип, үстүбүздөн кир сууну куюп жибергенге тете. Бул бүтүндө коомдун бетине түкүрүү. Ошол жерде туруп, видеого тартып жаткан карындаштын да күнөөсү бар - ал ызуу-чуу чыгарып, кошуналарды чакырышы керек болчу», - деп белгиледи ал.

Өз билдирүүсүндө ал кыргызстандыктар бул окуя тууралуу социалдык тармактарда видеосу тарап кеткени үчүн гана билип калышканын белгиледи. Ал мындай зомбулук фактылары өлкө аймагында күн сайын орун алып, бирок, ачыкка чыкпасын айтты.

«Азыр жол кырсыгы болуп, унаалар кагылышса да, элдер жардам берүүнүн ордуна видео тартканга чуркашат. Сен да жардамга муктаж болгон күн келет, ошондо сени да ошентип тартып башташат», - деп сөзүн жыйынтыктаган ал

Эске салсак, 12-июнда социалдык тармактарда эркек киши аялынын мойнуна дөңгөлөк илип сабап жаткан видео тараган.​

Эркек СИЗОго 15 күнгө камакка алынган.

Бүгүн жабырланган аял тосмо арыз жазып, күйөөсүн кечиргени белгилүү болду.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх