Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жазуучу Олжобай Шакирдин жубайы коронавирустан айыкты (видео)

Башында ал COVID-19ду жуктуруп алганын билбей, үйүндө жатып дарыланган

Кыргыз жазуучусу Олжобай Шакирдин жубайы коронавирустан айыкты. Бул тууралуу жубайлар Youtube порталындагы видео кайрылуусунда кабарлашты.

Шакир жубайынын вирусту жеңип чыгышын биринчи кезекте өз маалында медициналык жардам сурап кайрылышканы менен байланыштырган.

«Менин келинчегим эки жума дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, азыр, кудайга шүгүр үйдө. Биз дарыгерлерге премия жана медалдарга бере албасак дагы, аларга болгон чоң жардамыбыз - гигиена эрежелерин, коопсуздук чараларын сактайлык», - деген ал.

Жазуучунун жубайы Назгүл биринчи күндөрү үйдө дарыланганын айтып берген.

«Төрт күндөн кийин табакка болгон табитим жоголуп кетти, мен тамак-аштын жыты менен даамын сезбей калдым. Бир жумадан кийин жөтөл пайда болду. Вирустун белгилери пайда болгондо дароо медициналык жардам сурап кайрылгыла деп чакырат элем», - деп айтып берген ал.

Жазуучунун жубайы ошондой эле дарыгерлерге коргонуучу костюм менен иштөө абдан кыйынга турганын айтып берген.

«Үч кабат кол кап, көз айнегинин тегерегине кебез салып алышат, коргонуучу костюм менен тамчылаткан дары сайып жатышат, абдан оор шарттарда кызмат кылышууда», - деп бөлүшкөн ал.

Жазуучу өз кезегинде социалдык тармактарда айрымдар жазгандай аларга эч ким акча төлөбөгөнүн кошумчалаган.
«

Вирус бар жана биз аны менен ачык күрөшөлүк деп чечтик», - деп сөзүн жыйынтыктаган Олжобай Шакир.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх