Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги карылар үйүндө жашаган Данга аттуу чечен абышка мекенине кайтат. Рамзан Кадыров учак уюштурду

Каттам 19-июнга пландалды. Карыя Ассоль Молдокматова менен бирге учат

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Бишкектеги карыялар үйүндө жашаган Данга аттуу чечен карыясын Грозныйга алып кетүү үчүн атайын учак уюштурду. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында алып баруучу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

«Жума күнү эртең менен Грозныйга учабыз. Жолугушуу үчүн туулган күнүмдү өткөрүүдөн баш тарттым. Кандай бакыт: 81 жашында Данга үй-бүлөсү менен көздөшөт», - деп бөлүшкөн ал.

Буга чейин алып баруучу Данганын окуясын баяндаган репортаж жарыялаган.

Мекендешинин тагдырын уккан Рамзан Кадыров Данганы мекенине алып кетерин убадалаган.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх