Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орто-Сай базарына киргендердин дене табын текшере башташты (фото)

Базар буга чейин дезинфекцияга жабылган эле

Орто-Сай базарына кирген кардарлар менен сатуучулардын дене табы текшериле баштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына күбөлөр билдирди.

Редакцияга ошондой эле базардын кире беришинде антисептикалык каражаттар бар экенин ырастаган сүрөт да жиберишкен.

- Ошондой эле, базарга киргендерден бет кап тагынууну талап кылышууда, - дешти күбөлөр.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Орто-Сай базарынан коронавирус табылып, базар дезинфекцияга жабылган.

Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова брифингде бул базарга барып, коронавируска чалдыктык деп кайрылган жарандар болгонун маалымдаган.

Базар 13-июнда кайра иштей баштаган.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх