Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Египеттен 47 кыргызстандык мекенине кайтты

КР жарандары египеттик авиаокомпаниянын чартердик каттамы менен Алматынын эл аралык аэропортуна учуп келип, ал жактан атайын транспорт менен Бишкекке келишти

КРнын Тышкы иштер министрлиги казак тараптын жардамы менен Египеттен 47 Кыргызстандын жаранын, жаш балдарды мекенине алып келүү маселесин ишке ашырды.

Тактап айтканда 26 студент жана буга чейин Египетке туристикалык жана жеке максаттарда Египетке барып, 2020-жылдын март айынан бери мекенине кайта албай калган 21 жаран алынып келинди.

Биздин жарандар египеттик «Air Cairo» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Каирден Алматынын эл аралык аэропортуна учуп келишип, ал жерден атайын транспорт менен Бишкекке жеткирилишти.

Бардык жүргүнчүлөр бекитилген тартипте тийиштүү медициналык жол-жоболордон өткөрүү максатында обсервацияга алынат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх