Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Блогер «Сыдымандын» иши эки жумадан кийин кайра каралышы мүмкүн

Сот психолого-лингвистикалык экспертизаны өткөрүү боюнча токтотмду жөнөткөн

Улут аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан блогер Элмир Сыдымановдун иши эки жумадан кийин кайра карала башташы мүмкүн. Блогердин жактоочусу Али Магеев бул убакыт ичинде экспертизанын жыйынтыктары дайын болушу керек деп, Vesti.kg сайтына бөлүштү.

-Белгилүү болгондой, мен психолого-лингвистикалык экспертиза дайындоо боюнча өтүнмө киргизип, судья аны канааттандырган, - деп эске салды ал. - Менин билишимче, судянын экспертиза өткөрүү боюнча токтому бекитилген тартипте жиберилген жана анын жыйынтыктары эки жумадан кийин даяр болушу керек.

Эске салсак, Сыдымандын иши Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралууда.

Ал ЖКнин «Расалык, этникалык, улуттук жана диний аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталууда. Мамлекеттик айыптоо буга чейин блогерди алты жылга эркинен ажыратууну суранган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх