Жаңы антирекорд! Бүгүн Кыргызстанда 205 адамдан COVID-19 аныкталды
Ооруканалардан 10 бейтап айыгып чыкты. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 3356га жетти
Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирустук инфекция 205 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымдады.
- Акыркы сутка ичинде республикада COVID-19 жуктурган 205 адам аныкталды, - деди Абдикаримов. - Бишкекте -82, Чүй облусунда - 33, Ошто -25, Ош облусунда -20, Ысык-Көл облусунда -10, Жалал-Абад облусунда -8, Талас облусунда -19, Нарын облусунда -6.
Бүгүн ооруканалардан 10 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны -3356.
Эльдос Казыбеков
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз