Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

COVID-19 Кыргызстанда дагы үч кишинин өмүрүн алды

  • жолу 409 кароо

Талас облусунда бир адам көз жумду

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан үч адам көз жумду. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында жаткан 1952-жылы туулган аял каза болгон, андан сырткары 1952-жылы туулган Талас облусунун тургуну жана Жалал-Абадда 1960-жылы туулган көз жумган.

Коронавирус жалпысынан Кыргызстанда 40 кишинин өмүрүн алды.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх