Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда COVID-19 жуктургандардын саны кескин көбөйдү. Себеби эмнеде? Облус жетекчилигинин жообу

Облустук администрация эпидиликтөөнүн начар сапатын жана эл коронавируска ишенбей жатышканын белгилешти

Чүй облусунда коронавируска чалдыккандардын көбөйүшү кыргызстандыктар облус жана райондор арасында ээн-эркин кирип-чыккандыктарына байланыштуу. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө өкмөттүн Чүй облусундагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова билдирди.

- Кыргызстанга чет мамлекеттердин адамдар кире баштады, ошондой эле жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын саны көбөйдү, - деп белгиледи ал. - Ошондой эле COVID-19дун жайылышына жарандардын облус жана райондор арасында ээн-эркин кирип чыккандыктары себепчи болууда. Чүй облусунун көптөгөн тургундары Бишкекте эмгектенет, буга байланыштуу илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө.

Волкова эпидиликтөөнүн начар сапаты белгиленип жатканын кошумчалады.

- Бүгүн бул маселе абдан курч болууда, - деди ал. - Элдин коронавируска ишенбей жатканы мындан да чоң көйгөй болуп жатат. Адамдар бет кап тагынбай, антисептик колдонушпай, дарыгерлердин сунуштарын көз жаздымда калтырып жатышат.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх