Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад мэриясы карантинге алынды. Үч кызматкерден коронавирус табылган

Муниципалитеттин кызматкерлеринин жарымы үйүнөн иштөөдө

Жалал-Абад мэриясынын беш кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына муниципалитеттин басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында алар вируска 19-июнда анализ тапшырышкан. Муну менен бирге ал илдетти жуктуруп алгандардын аттарын, ошондой эле кызматтарын атоодон баш тартты.

-Жума күнү 19-июнда мэриянын бардык кызматкерлери коронавируска анализ тапшырышкан, - деди Жээнбеков. - Үчөөнөн вирус табылды. Аларда эч кандай белгилер болгон эмес, азырынча кайдан жугузуп алышты белгисиз.

Мындан сырткары, басма сөз кызматынын башчысы вице-мэрлер менен башка жооптуу кызматкерлер баш болуп, мэрияда иштегендердин 50 пайызы үй карантинине жиберилгенин кошумчалады. Алар эми онлайн-форматында иштешет.

Эске салсак, өткөн жума күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Ошол эле күнү муниципалитеттин өкүлдөрү COVID-19га тест тапшырышкан.

Жээнбековдун айтымында Тагаевдин абалы туруктуу, оорунун белгилери жок.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх