Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Кыргызстанда 163 адамдан COVID-19 аныкталды

Акыркы суткада 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган

23-июнга карата Кыргызстанда коронавирус дагы 163 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев маалымдады.

- Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 163 адамдын COVID-19 жуктуруп алганы белгилүү болду, - деди Каратаев. - Бишкекте -94, Чүй облусунда -22, Ошто -16, Ош облусунда 9, Баткен облусунда -1, Жалал-Абад облусунда -13, Талас облусунда -1, Нарын облусунда -7.

33 адам ооруканадан айыгып чыккан. Жалпы айыгып чыккандардын саны -3519. Мындан сырткары, бүгүн 22 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх