Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирус дагы бир кыргызстандыктын өмүрүн алды

Көз жумгандардын жалпы саны 41ге жетти

Кыргызстанда коронавирустук инфекциядан дагы бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев маалымдады.

Анын айтымында 1964-жылы туулган аял башка өнөкөт оорулардан дагы жабыркап келген.

- Акыркы суткада коронавирустук инфекциядан дагы бир өлүм катталды, - деп белгиледи Каратаев. - 1964-жылы туулган аял кыргыз-түрк ооруканасында көз жумду. Анын башка өнөкөт оорулары да болгон. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктурган 41 адам көз жумду.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх