Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы антирекорд! Бүгүн Кыргызстанда 228 адамдан COVID-19 аныкталды

Коронавирус жуктурган 49 жаштагы аял көз жумду

Кыргызстанда 25-июнга карата 228 адамдан коронавирустук инфекция аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев маалымдады.

- 25-июнга карата республикада COVID-19 жуктурган жаңы 228 учур катталды, - деп белгиледи Каратаев. - Бишкекте -113, Чүй облусунда -24, Ошто -32, Ош облусунда -31, Нарын облусунда -1, Жалал-Абад облусунда -10, Ысык-Көл облусунда -12, Баткен облусунда -2.

Мындан сырткары, Каратаевдин айтымында коронавирус жуктурган Тогуз-ТороЖалпы дарыгерлик тажрыйба борборундагы аял көз жумду. Ал 49 жашта болгон.

Сутка ичинде 30 адам ооруканадан айыгып чыкты. 19 медициналык кызматкер ооруну жуктурган. Жалпы ооругандардын саны - 3954кө жетти.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх