Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Филармониянын жанында заара ушаткан айдоочу көчөдөгү элдин кыжырын кайнатты (видео)

Күбөлөр коомдук тартипти бузган адамды камерага тартып алышкан

Бишкектин чок ортосунда “маданияттуулугун” көрсөтүп, элдин көзүнчө заара ушаткан кезектеги видеонун “каарманын” соцтармактардын колдоонучулары сынга алышууда.

Чаламандын чак түшүндө Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жанындагы арыкка бейкапар заара ушатып жаткан Toyota Ist унаасынын айдоочусун күбөлөр телефондун камерасына тартып алышкан.

Башка айдоочулардын бири эркектин жоругун айыптап, ага эскертүү да берген, бирок, берки анын сөзүнө көңүл да бөлгөн эмес.

Соцтармактарда жарандардын коомдук жайларда көрсөткөн мындай маданиятсыздыгы көп эле чыгат, бирок, алардын саны мындан азайып деле кеткен жок. Бишкектин көчөлөрүндө коомдук дааратканалар жок деп, мындай “каармандарды” актагандар жа жок эмес.

Фото жана видео www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх