Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Кыргызстанда 250 адамдан COVID-19 аныкталды

Алардын 21и - медициналык кызматкерлер

Кыргызстанда 26-июнга карата COVID-19 дагы 250 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

-Алардын ичинен Бишкекте -105, Чүй облусунда -61, Ошто -47, Ош облусунда -19, Нарын облусунда -1, Жалал-Абад облусунда -12, Ысык-Көл облусунда -2, Талас облусунда -1, Баткен облусунда -2 жаран бар, - деди ал. - Үч жаран сырттан келген, калгандары өлкө ичинде ооруну жуктуруп алышкан. Акыркы суткада 21 медициналык кызматкер коронавируска чалдыккан. Ошол эле маалда 50 адам айыгып, ооруканалардан чыгышты. 633 адам стационардык дарыланууда, 6сы оор абалда.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх