Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

REакция 3.0. Тилек Токтогазиев 29-июнда өтө турган тынчтык жүрүшү туурасында айтып берди

Акциянын катышуучулары темир жол бекетинен Ак үйгө чейин басышат

Бишкекте 29-июнда сөз эркиндигине арналган REакция 3.0. тынчтык жүрүшү өтөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү, ишкер Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында акциянын башкы себеби - ЖК депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзам долбоорунун үч окууда кабыл алынганына жарандык коомдун кыжырдануусу.

- Биз темир жол бекетинен Ак үй тарапка чейин жүрүш уюштурабыз, - деди Токтогазиев. Көптөгөн мыйзамдардын бузулушуна нааразыбыз. «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзамы үчүн болгону 30 депутат добуш берип коюшту, башкача айтканда кворум болгон эмес, көптөгөн парламент мүчөлөрү кесиптештеши үчүн добуш берип коюшту. Биз бул мыйзамга каршыбыз, анткени, ал сөз эркиндигине кысым көрсөтөт.

Токтогазиев биринчи REакцияга 1000 кишиге жакын катышуучу чогулганын, мында да ошончо сандагы адамдардын келерине ишенип жатканын белгиледи. Мындан сырткары, ал митингге партиялаштарын да чакырганын, бирок, азырынча алардан жооп келе электигин кошумчалады.

Эске салсак, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында коррупцияга каршы биринчи REакция өткөн. Акцияга 1000ге жакын киши катышкан.

Анда катышуучулар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун сүрөтүн, ошондой эле өлкөдө мыйзамдуулукту орнотууну талап кылган плакаттарды колдоруна кармап чыгышкан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх