Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскердик дарыгерлерге акча төлөгөндөн качышып, коронавирус менен күрөшүүгө тартпай жатышабы?

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн пенсионери жумушчулар жетишсиз болуп жаткан маалда дарыгерлер ыктыярчылардан жардам сураганга аргасыз болуп жатканына нааразы

Бишкекте дарыгерлер жетишсиз болуп жаткан маалда, эмнегедир аскер дарыгерлерин жумушка тартышпай, ыктыярчыларды издешүүдө.. Мындай суроону Vesti.kg сайтына берген маегинде аскер укук коргоочусу, отставкадагы полковник Анвар Сартаев ортого салды. Кечээ шаардык муниципалитеттин Twitter социалдык тармагындагы баракчасында дарыгерлердин жетишсиз болуп жатканы жазылган. Анда студенттерди, интерндерди жана дегеле кайдыгер эмес жөнөкөй жарандарды COVID-19 менен күрөшүүдө ыктыярчы болууга чакырышкан.
«Сураныч! Бул видеону таркатууга жардам кылыңыздар, - дешкен мэрияда. - Бизде адамдык жоготуулар өтө көп, адамдардын бардыгы ооруп жатат. Биз дарыгерлерге муктажбыз! Бардык жерде! Врач Шакир Турсунбаев, ыктыярчы, ыктыярчыларды чогултууда: 0558755577, 0554994949».

Аскер кызматкери азыркы күнгө чейин аскер дарыгерлери массалык түрдө ишке тартыла элек маалда ак халатчандар коронавируска чалдыккандар менен иштөөгө жөнөкөй жарандарды чакырууга аргасыз болуп жатканына айран-таң.
- Уят! Саламаттыкты сактоо министрлиги тартабыз деп убада кылган 300 дарыгер кана? Эмнеге чакырышпайт? – деп баш чайкады ал. -Эмнеге резервди колдонушпайт? Военкомат аркылуу аскер дарыгерлерди чакырышпайт беле. Аларга карата “Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө” мыйзам иштейт, жеңилдиктери, артыкчылыктары бар. Эгерде, бир нерсе болсо, үй-бүлөсү пенсия алат. Ал эми ыктыярчылардын эч кандай артыкчылыктары жок экени түшүнүктүү да, аларга мыйзам иштебейт. Советтик кезде элдик кошуундар бар болчу, азырчы?

Сартаев ооруканаларда бейтаптарга орундар жетишпеген шартта ал бир катар жолу аскердик талаа госпиталдарын ачууну сунуштаганын эске салды. Кыргызстанда мындай бейтапканалардан экөө бар. Бирок, азыр бул көйгөй өтө курч болуп жатса да аткаминерлер аларды колдонууга шашылган жок.
- Аскер госпиталдары бул жакта, Ошто да бар, бирок, аларды бир эле жолу көрсөтмө иретинде колдонушуп, кайра жаап коюшкан, - дейт ал. - Жардам сурашпайт. - Мисалы Россиядан, алар азыр бардыгына жардам берип жатат. Аскер дарыгерлерин тартмайын азыркы абал өзгөрбөйт. Ал эми Өзгөчө абал киргизүүнүн азыр кажети жок, убакыт өттү.

Эске салсак, буга чейин Анвар Сартаев коронавирус эпидемиясына каршы Беш-Күңгөйдөгү аскердик талаа госпиталын колдонуп, аскер дарыгерлерин жумушка тартуу боюнча маселени көтөргөн.
- Жарандык дарыгерлер иштеп жатат, аларга жогорулатылган эмгек маянасы төлөнүүдө, - деген ал Vesti.kg сайтына. Эгерде алар аскердик комиссариат аркылуу ишке тартылса, аларга карата “Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө“ мыйзам иштеп, тийиштүү төлөмдөрдү төлөөгө туура келмек.

Башкы штаб ага, зарылдык пайда болгон учурда запастагы медициналык кызматкерлер ишке тартылып, аскердик талаа госпиталдары колдонуларын айтышкан.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх