Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ReАкция 3.0 митингин айдоочулар колдоду (видео)

Айдоочулар нааразычылык акциясынын катышуучуларын колдоп, унааналарынын сигналдарын баса башташкан

Бишкекте саат 12де башталган ReАкция 3.0 митингин айдоочулар колдоду. Катышуучулар Ак үйдүн имаратына карай басышканда айдоочулар унааларынын сигналдарын баса башташкан.

Митингдин модераторлору катышуучуларды социалдык аралыкты сактоап. ар кандай чагымчыл аракеттерге алдырбаганга чакырышты.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Бишкектеги темир жол бекетинин жанында сөз эркиндигин коргоого арналган ReАкция 3.0 митинги башталганын билдирген. Буга ЖК депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген талаштуу маалыматты манипуляциялоо туурасындагы мыйзамдын кабыл алынышы себеп болгон.

Вероника Малышева
Эльдос Казыбеков
Фото Vesti.kg
Видео Vesti.kg

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх