Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Антирекорд! Кыргызстанда бүгүн COVID-19 439 адамдан аныкталды

Акыркы сутка ичинде коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды

Кыргызстанда акыркы суткада 439 адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымдады.

-Алардын ичинен Бишкекте - 195, Чүй облусунда -175, Ошто -5, Ош облусунда -5, Нарын облусунда -10, Жалал-Абад облусунда -24, Талас облусунда -12, Баткен облусунда - 13 адам, - деди министрдин орун басары. - Илдетке чалдыккандардын көбү - муниципалитет, укук коргоо органдарынын, райадминистрациялардын кызматкерлери. Буга байланыштуу айрым маморгандар сырттан иштөөгө өттү. Ар бир үй-бүлөдө 4-5тен ооруган кишилер бар. Сутка ичинде 73 бейтап ооруканалардан айыгып чыгышса, 5 адам көз жумду.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх