Бишкекте COVID-19 суроолору боюнча дагы бир 118 чалуу борбору иштей баштады
Ал шаардык №2 мектептин базасында 6 саттын ичинде даярдалып, ишке берилди
Бишкекте коронавирусту өз алдынча аныктоо боюнча 118 кызматынын жаңы колл-центри иштей баштады. Ал кечээ 6 саттын ичинде шаардык №2 мектептин базасында даярдалып, ишке берилди.
Чалуу борборунун операторлорунун саны көбөйгөнүнө байланыштуу жаңы дарекке көчүүгө туура келген. Бул жерде күнү-түнү 40 адамдан нөөмөттө туруп, кызмат кылышат. Учурда клиникалык ординаторлор, ыктыярчы-дарыгерлер коллц-центрдин операторлору болушууда. Оператор-консультанттар дароо КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин толук инструктажынан өтүшөт.
Бишкек мэриясы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз