Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын бөлүм жетекчиси: «Тирүүнүн тозогу болуп жатат… Бул башталышы эле»

Егор Борисов кезектеги жолу борбор калаада тез жардам кызматы азыркыдан төрт эсе көп болушу керектигин эске салды

Бишкектеги учурдагы эпидемиологиялык абалды Бишкек шаардык тез жардам кызматынын бөлүм жетекчиси Егор Борисов тозок деди.
««Тирүүнүн тозогу болуп жатат… Бул башталышы эле», - деп жазган дарыгер кечээ түнкү он экиде Твиттердеги аккаунтунда.

Борисов дарыгерлердин түйшүгү күндөн күнгө артып жатканын, Кыргызстанда азыр болуп жаткан абал - бул катастрофа экенин белгилеген. Анын айтымында борбор калаанын тез жардам кызматы “кезекте” күттүргөндөр боюнча саат сайын антирекорддорду жаратып, ал эми пневмония диагнозу эбегейсиз көбөйүүдө. Дарыгер буга чейин мындайды көрбөгөнүн жазган.

«Түн ичинде Ганси, Улуттук госпиталга барып келдип, - деп жазган Борисов. -Аарынын уюгу бардык жерде, палаталардын ортосунда чуркаган дарыгерлер, пулсокиметрлердин чыйкылдаганы, жөтөл. Тумчуккан бейтаптардын коркунучка толгон көздөрү.. Алардын көз караштары өмүр бою көз алдыңда калат».

Борисов буга чейин далай жолу тез жардам бригадаларыны жетишсиздигин айтып келген, азыр да муну эске салган. Жок дегенде азыркыдан төрт эсе көп болуш керек дейт ал.
«Башка өлкөдөгү кесиптештер Бишкекте канча бригада бар экенин угушканда баштарын чайкап таң калышчу», - деген Борисов.
Бирок, бөлүмдө 100-200 унаа пайда болгон күндө эле, анда иштечү киши жок да, деп сөзүн уланткан дарыгер. Медиктер жетишсиз, 5 миң сомдук маяна - анын башкы себепберинин бири.
«

Бул күндөрү көңүлдү көтөргөн нерсе эмне болду, билесиздерби? – деп белгилеген Борисов. – Манастын эстелигин аты жок кылып жасап коюшкан, аны тез арада оңдош керек деп депутаттардын нааразы болушканын интернет барактарынан окуу».

2020-жылдын 25-июнунда Зарылбек Рысалиев чындыгында эле бир нече айдан бери президенттин кабыл алуусуна кире албай койгонун айтып арызданган.
Ал мамлекет башчысына кайрыла турган маселеси өтө орчундуу: Таластагы “Манас” комплексинде кыргыз элинин улуу баатырына орнотулган айкел аты жок, жубайы Каныкейсиз жана кеңешчиси Бакай карыясыз жасалып калган.

Рысалиевди кабатыр калган экинчи көйгөй - “Ата-Бейит” комплексинде жерде орнотулуп калган түндүк Кыргызстандын тагдырына терс таасирин тийгизип жаткан экен.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх