Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте коомдук транспорт эми эртең менен жана кечинде гана жүрөт

Ал эми шаардык супермаркеттер менен соода борборлору 19:00дө жабылууга тийиш

Бишкекте коомдук транспорттун иш тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу брифингде шаар башчысы Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында мындай чечим эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу кабыл алынды.

- Бишкек мэриясынын жаңы токтомуна ылайык, эми шаардык транспорт менен такси кызматы эртең менен саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана кечинде 17:00дөн 21:00гө чейин гана иштейт. Ортодо 10:00дөн 17:00гө чейин коомдук транспорт токтоп турат. Дем алыш күндөрү иштешпейт.

Шаар башчысы, ошондой эле коомдук тамактануу жайлары менен соода борборлоруна 07:00дөн 19:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилгенин кошумчалады. Базарлар күн сайын 06:00дөн 17:00гө чейин иштешет.

Велосипеддерди ижарага берүү, шаардык аянтчалар жана батуттар, ресторан, клуб, футболдук клубдарга иштөөгө тыюу салынган.

Муниципалитет рейддердин санын көбөйтөт, - деп кошумчалады Суракматов.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх