Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чет элдик туристтер быйыл Кыргызстанга келе алышабы?

«Азырынча так айтууга болбойт», - маалымат жана туризм министри. Ал эми, ИИМде аларды тосууга даярдык көрүшүүдө

Чет элдик туристтер качан Кыргызстанга келе алышары азырынча белгисиз. Мындай жоопту Vesti.kg сайтына маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

- Бул маселе талкууланып жатат, бирок, так дата азырынча жок, - деди ал. - Алгоритм иштелип чыгып, Республикалык штабдын кароосунда турат. Качан ал бекитилгенден кийин анан мөөнөттөрдү талкуулай баштайбыз. Алдын ала ар кандай варианттар айтылууда, бирок, учурда так эч нерсе айтууга мүмкүн эмес.

Бирок, буга карабастан, ИИМ учурда чет элдиктерди тосууга кызуу даярданууда.

Дегеле, быйыл чет элдиктер кыргыз жергесине келе алышабы-жокпу белгисиз болуп жатса, министрликте буга чейин Vesti.kg жазып өткөндөй “2020-жылдын туристтик сезонун өткөрүү жана даярдык көрүү маалында коомдук тартипти жана жол коопсуздугун жетиштүү деңгээлде камсыздоо максатында” токтомун иштеп чыгууга жетишишкен.

Келери арсар болуп жаткан чет элдиктер акыры келе турган болсо, мекеме алардын камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн күчтөрү менен каражаттарын эсептеп, так уюштуруучулук иш-чаралардын планын иштеп чыккан.
«Ички иштер органдарынын өздүк курамына мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти тыкыр аткаруу, жарандарга, өзгөчө чет өлкөлүк туристтерге карата сылык, маданияттуу, так мамиле кылуу жөнүндө тескемелер өткөрүлдү. Ошондой эле туристтик маал учурунда туризм өлкөсү катары Кыргыз Республикасынын эл аралык имиджин жакшыртуу, туристтердин коопсуздугун камсыздоо, жаралган көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү максатында түзүлгөн туристтик милиция взводу дагы тартылды».

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх