Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кайра жаңы антирекорд. Кыргызстанда 526 адамдан COVID-19 аныкталды

Дагы төрт адам кайтыш болду

2020-жылдын 2-июлуна карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 526 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымдады.

- Бишкекте — 211 адам, Чүй облусунда - 231, Ошто - 19, Ош облусунда -6, Нарын облусунда -3, Жалал-Абад облусунда -27, Талас облусунда -1, Баткен облусунда -18, Ысык-Көл облусунда - 10 адам, - деди Акматова.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирус пайда болгондон бери ооругандардын саны 6261ге жетти. Мындан сырткары, акыркы суткада төрт адам кайтыш болгону белгилүү болду.

— Кыргыз-түрк ооруканасында 70 жаштагы карыя көз жумду, - деди Акматова. - Кочкор аймактык ооруканасында 69 жаштагы аял жана 56 жаштагы эркек адам каза болду.

Сутка ичинде 87 бейтап ооруканалардан айыгып чыгышты.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх