Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мирбек Атабеков: Бизде вирус менен күрөшүүгө 100 миң доллар бөлгөнгө кудурети жеткен байлар көп

Ырчы эки кислороддук аппарат сатып алууга акча бөлүп, башка жарандарды да кайдыгер калбоого чакырган

Белгилүү кыргыз ырчысы Мирбек Атабеков эки кислороддук аппарат сатып алууга акча бөлүп, Кыргызстандын бай адамдарын да кайдыгер калбоого чакырган. Ырчы мындай кайрылуусун Инстаграм социалдык тармагындагы өздүк баракчасына жүктөгөн.

«Адыл мырза 70ке жакын кислороддук аппарат сатып алууга жеткидей каражат чогултуптур. Алар азыр заказ кылып жатышат. Мен биз Кыргызстанга 2000ден ашык аппарат алып келе аларыбызга ишенем. Кыргызстанда 100 миң эмес, 100 миң доллар бөлүүгө кудурети жеткидей байлар көп. Мындай оор абалда жарандарга жардам берип коюңуздар, байкелер. Өзүмдүн атымдан эки кислороддук аппарат сатып алууга каражат жибердим. Мындай оор абалда биз биримдик менен гана бул ооруну жеңебиз», - деген Атабеков.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх