Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

3-юлга карата Кыргызстанда COVID-19 жуктурган жаңы 506 учур катталды

Акыркы сутка ичинде 73 медициналык кызматкер илдетке чалдыкты

Кыргызстанда COVID-19 дагы 506 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

- Алардын ичинен Бишкекте - 230, Чүй облусунда - 151, Ошто - 36, Ош облусунда -14, Нарын облусунда -9, Жалал-Абад облусунда -21, Талас облусунда -1, Баткен облусунда -19, Ысык-Көл облусунда -25 адам, - деди ал. — Бир гана бейтап сырттан келген, калган 505 учур -өлкө ичинен жугузгандар. Ооруканалардан 125 бейтап айыгып чыкты. Акыркы суткада 73 ак халатчан коронавирус жуктуруп алган. Үй изоляциясында 3398 адам калууда. Акыркы суткада коронавирус жуктурган 10 адам көз жумду

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх