Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көзүнө жаш алган кыргызстандык кыз: Гүлдөп өсө турган өлкөнү сазга тыктыңар! (видео)

Агынан жарылган жаран өкмөткө ачууланган кайрылуу жасады

Кыргызстандын соцтармактарында өкмөттүн аракетсиздигине чыдабай, агынан жарылып көз жашын тыя албаган кыргызстандык келиндин видеосу желдей тарап жатат. Тасма Инстаграм тармагында жарыяланган.

«Көптөн көп сыйга татыксыз биздин өкмөт! 4 айда эмне кылып жибердик деп башыңарды кармап, эсиңерге келиш үчүн биздин өлкөдө дагы эмне болуп кетиши керек?! Пандемия учурунда элдин оозун жапкан мыйзамга кол коюу акылыңарга келди. Ушул өлкөгө эмне жакшылык кылдыңар силер? Жарандарды, дарыгер, милиция кызматкерлерин салып бердиңер ооруга. Силерге бул жетпейт деп ойлоп жатасыңарбы? Кантип уктап атасыңар деги?! Каникулга кеттиңер камырабай», - деген ал.

Ал өлкөгө пандемия менен күрөшүүгө бир далай каражат бөлүнгөнүн да эске салган.

«Ал акчаларга канча оорукана салса болот эле. ИВЛ, кислороддук аппарат жетишпейт деп отурасыңар. Калайык калк, бизге кошулгула. Өзүбүз мамлекетибизди сактабасак, башка эч ким бизге жардам бербейт. Гүлдөп өсө турган өлкөнү сазга тыктыңар! Эл өзү өмүрүн сактоо менен убара. Ойгонуп, түш болсо экен дейсиң. Бирок, бул чындык, тозок!», - деп жаш кыз ызасына чыдабай ыйлап жиберген.

(Уят сөздөр бар! - ред.)

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх