Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Новосибирсктен Бишкекке 186 кыргызстандык кайтты

Алар «Авиатраффик Компани» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келишкен

Бүгүн, 3-июлда Кыргызстанга «Новосибирск – Бишкек» багыты боюнча «Авиатраффик Компани» авиакомипаниясынын чартердик учагы менен 186 кыргызстанды кайтты. Жүргүнчүлөрдүн арасында жаш балдар да бар.

Чартердик каттамдын тизмеси КРнын мекенине кайтууга муктаж жарандарынын Новосибирсктеги Кыргызстандын Башкы консулдугуна түшкөн кайрылууларына ылайык, кезек иретинде түзүлгөн. Жүргүнчүлөрдүн арасында 19 кош бойлуу аял, 10 жаш бала, Сибирь вуздарында билим алган 57 кыргыз студенти, майыптыгы бар адамдар жана башкалар бар.

Келген бардык жүргүнчүлөр бектилген тартипте карантинге алынат.

ТИМнин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх