Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги 100 чарчы метрден аз аянтка ээ дүкөндөр чектөөлөргө карабай иштейт

Мэрия ошондой эле тамак-аш жеткирүү кызматтарына да чектөөлөр коюлбаганын тактады

Бишкек мэриясы борбор калаанын аймагында киргизилген өзгөчө иш тартибине айрым тактоолорду киргизди.

Шаардык транспорт: троллейбустар, автобус, кичи автобустар жүргүнчүлөрдү эртең мененки 7ден 10го чейин жана кечки 5тен 9га чейин ташыйт. Дем алыш күндөрү такси кызматтары гана иштейт.

Аянты 100 (!) чарчы метрден жогору болгон соода борборлорунун, дүкөндөрдүн иш тартиби өзгөрүп, эми алар таңкы 7ден кечки 7ге чейин иштешет.

Аянты 100 чарчы метрге жетпеген дүкөн, киоск, павильондор санитардык нормаларды тыкыр сактоо менен мурдагыдай эле иштей беришет.

Ресторан, кафе жана башка коомдук тамактануу жайлары 10дон кечки 20га чкйин иштешет. Ал эми тамак-аш жеткирүү кызматтарына убакыт боюнча чектөө жок.

Бишкек мэриясы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх