Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Колледждерге кабыл алуу 10-июлдан башталат

 

Кыргызстандагы кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу ушул жылдын 10-июлунан башталат

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкы жылы кесиптик орто окуу жайларына да абитуриенттерди кабыл алуу онлайн түрүндө жүрөт. Бул үчүн "Кыргызстандын колледждерине онлайн кабыл алуу системасы - www.spuz.edu.gov.kg” иштелип чыкты.
Документтерди онлайн тапшыруу үчүн:
Документтерди электрондук форматта тапшыруу үчүн абитуриент spuz.edu.gov.kg сайтына кириши керек;
Тизмеден кесиптик орто окуу жайды (колледжди) тандоо керек;
Адистик тандап, “Өтүнмө берүү” баскычын басуу зарыл;
Андан кийин өтүнмөнүн бардык керектүү талаачаларын толтуруп, сканерден өткөрүлгөн документтерди: жалпы орто билими жөнүндө аттестатты же жалпы негизги билими жөнүндө күбөлүктү, сүрөттү жүктөө керек жана “Катталуу” баскычын басуу зарыл;
Ийгиликтүү катталгандан кийин колледждин адистиктеринин тизмесине кайрылып келүү керек жана “Берилген өтүнмөлөр” баскычын басуу зарыл. Бул жерден сиз өзүңүздүн орточо баллыңыздын жыйынтыгын көрө аласыз;
Орточо баллга мониторинг жүргүзүү үчүн абитуриент өзүнүн аттестатынын (күбөлүгүнүн) номерин билиши керек;
Абитуриент кабыл алууга сунушталгандардын тизмесинде бар же жоктугун колледждин сайтынан өзүн текшерет;
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу кызматкеринен кабыл алууга сунуштоо жөнүндө тастыктама алуу.
Документтерди каттоо онлайн түрүндө эки тур менен ишке ашырылат.
Биринчи тур
10-июлдан 31-июлга чейин документтерди онлайн каттоо жүрөт. 3-августта кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. Ал эми 3-6-август күндөрү абитуриенттер кесиптик орто окуу жайларында билим ала турганын ырастоосу зарыл.
Экинчи тур
1-августан 20-августка чейин документтерди онлайн каттоо. 22-августта кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. 23-30-августта абитуриенттер кесиптик орто окуу жайларында билим ала турганын ырастоосу зарыл.
Сынак орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предметтин баасы боюнча өткөрүлөт.
Эгерде бир орунга бирдей баллга ээ абитуриенттер талапкер болсо, коллежд алар үчүн онлайн режиминде кошумча сынактарды өткөрө алат.
Окуу жайга кабыл алынган абитуриенттердин жалпы орто билими жөнүндө аттестаттарынын же жалпы негизги билими жөнүндө күбөлүктөрүнүн түп нускалары окуу жылынын башында кабыл алынат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх