Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарындагы 9 күндүзгү стационар кайда жайгашкан?

Бишкек шаарынын мэриясы бул стационарлар оор абалдагы ооруулар үчүн эмес экендигин эскертет

Бишкек шаарында күндүзгү стационарлар эртен менен саат 8:00дон кечки саат 20:00 чейин оорууларды кабыл ала баштайт. Жеңил түрүндө ооруган бейтаптар стационарлардан доктурлардын кеңешин, капельница укол ала алышат.

8-июлдан баштап тизмедеги 9 күндүзгү стационар иштеп баштады. 
 

Стационарлардын дареги:
Ленин районунда:
- «Газпром» спорт комплексинде 120 орун (Токонбаев менен Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде);
- №68 гимназия-мектебинде 30 орун (Токтогул менен Үмөталиевдин кесилишинде);
- «Арал» кафесинде 50 орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199).

Свердлов районунда:
- Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде 150 орун (Чыгыш-5 кичи районунда);
- №94 орто мектепте 50 орун («Дордой» конушунда).

Октябрь районунда:
- «Бишкек наабайкана» муниципалдык ишканасында 200 орун (12-кичи райондо);
- «Сейтек» мектебинде 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10 «Ала-Тоо» университети).

Биринчи май районунда:
- №83 орто мектепте, «Кудайберген» базарынын жанында 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9)
- К.Кожомкул атындагы спорт сарайда 150 орун.

Мэия Бишкека
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх