Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

13-июль: Кыргызстанда 488 адамдан COVID-19 аныкталды

Ооруканалардан 73 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгышты

Кыргызстанда 13-июлга карата 488 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалагынын жетекчиси Айнура Акматова маалымдады.

- 13-июлга карата өлкөдө 488 адамдан COVID-19 аныкталды, - деди Акматова. - Бишкекте - 265, Чүй облусунда - 37, Ошто - 45, Ош облусунда - 26, Жалал-Абад облусунда -51, Баткен облусунда -43, Ысык-Көл облусунда -15, Нарын облусунда -4, Талас облусунда -2 адам, - деди ал.

Илдетти жуктурган 488 адамдын 125и - медициналык кызматкерлер. Жалпы ооругандардын саны 11 миң 117ге жетти.

Акыркы сутка ичинде 73 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх