Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирустан 15 адам көз жумду

Пневмония 29 адамдын өмүрүн алды

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 жуктурган 15 адам көз жумду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

- Кыргыз-Түрк ынтымак ооруканасында- 4 адам (56, 56, 46 жаштагы эркек кишилер,, 60 жаштагы аял);
- Республикалык клиникалык жугуштууу оорулар ооруканасында- 2 адам (70, 71 жаштагы эки аял);
- Ат-Талаа аймактык ооруканасы– 1 (61 жаштагы эркек киши);
- Ат-Башы аймактык ооруканасында 55 жаштагы аял;
- Жайыл аймактык ооруканасында 5 адам (69, 67 жаштагы эркек киши, 83, 50, 61 жаштагы аялдар);
- Кадамжай аймактык ооруканасы - 1 адам (77 жаштагы эркек киши);
- Лейлек аймактык ооруканасы - 1 ( 75 жаштагы эркек киши).

Коронавирус жалпысынан 147 кишинин өмүрүн алды.

Пневмониядан акыркы суткада 29 адам көз жумду. Алардын 13 өлкө аймагында, 16 адам - Бишкекте. Марттан бери пневмониядан 452 адам көз жумду

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх