Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Екатеринбургдан Бишкекке 186 кыргызстандык кайтты

Аталган каттам менен кесиптештерине COVID-19 жана пневмония менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн ыктыярчы 5 дарыгер да учуп келди

Екатеринбургдан Бишкекке «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 186 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу КРнын ТИМнин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Аталган каттам менен мекенине Урал федералдык аймагында билим алган студенттер жана Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Новый Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск жана Пермь шаарларында жашап, Кыргызстанга келүүгө өтө муктаж болгон жарандар келишти.

Ошондой эле, бул каттам менен мекениндеги кесиптештерине коронавирус жана пневмония менен күрөшүүгө өз эрктери менен жардам берүүнү каалаган 5 ак халатчан да учуп келишкени белгиленди. (эки дарыгер, эки фельдер жана бир медайым).

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх