Кыргызстанда акыркы суткада 421 адам коронавирус жуктурду
COVID-19 эки, ал эми пневмония 45 адамдын өмүрүн алды
Кыргызстанда 14-июлга карата 421 адамдан COVID-19 аныкталды.
Алардын ичинен Бишкекте - 176, Чүй облусунда -87, Ошто - 58, Ош облусунда, -6, Жалал-Абад облусунда -40, Баткен облусунда -21, Ысык-Көл облусунда -31, Нарын облусунда бир жана Талас облусунда -1 адам.
Илдетте жаңы чалдыккандардын 94ү - ак халатчандар. Жалпысынан өлкө боюнча 11 миң 538 адамга коронавирус жуккан.
Акыркы суткада COVID-19 эки, ал эми пневмония 45 адамдын өмүрүн алды.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз