Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эки түнкү стационар ачылды

Шаардык мэрия дарыгерлер менен санитарларды дале ишке чакырууда

Бишкекте ишкерлердин колдоосу менен эки түнкү стационар ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Алар 7-кичи райондогу «ДСК» спорткомплексинде жана Фрунзе менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул» ресторанында жайгашкан.

«ДСК» спорткомплексиндеги түнкү стационар 220 орунга, ал эми «Консулдагы» 100 орунга ылайыкташтырылган. Демек, бир сааттын ичинде алар 200гө жакын жаранды кабыл алууга жөндөмдүү.
«ДСКдагы» санитардык жайды каржылоону экс-мэр Нариман Тюлеев өз мойнуна алган, ал эми «Консул» ресторанынын ээси имаратын шаарга убактылуу колдонуу үчүн акысыз сунуштаган.

«Түнкү стационарлар түнкү маалда оор абалдагы шаардыктарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүшөт, - деп билдиришти мэрияда. Орундар бошосо, ооруканаларга которуу каралган».
Эки түйүндө тең дарыгерлерден, медайым жана санитарлардан турган топтор нөөмөттө турушат. Зарыл учурда кислороддук аппаратка кошуу мүмкүндүгү бар. Мындан сырткары, стационарларда көчмө дарыканалар дагы уюштурулган.
Түнкү стационарларга бейтаптар каттоосуна карабай кабыл алынат (Чүй облусунун жашоочулары дагы).

Мындан сырткары, шаардык мэрия түнкү стационарларда бардык санитардык талаптар тыкыр сакталарын, бейтаптар жаткан керебеттер эки метрлик аралык менен коюлганын, ортолорун тосмолор бөлөрүн белгилеп, шаардыктарды керектүү учурда таңды күтпөй тез жардам кызматын түн ичинде да чакырып же болбосо өз алдынча түнкү стационарларга жетүүгө чакырды

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх