Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги 220 жасалма дем алдыруучу аппаратка муктаж

Учурда өлкөдө 572 жарамдуу аппарат бар

Саламаттыкты сактоо министрилиги дагы 220 жасалма дем алдыруучу аппаратка муктаж. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалагынын жетекчиси Айнура Акматова маалымдады.

«Бүгүнкү күндө жарамдуу жасалма дем алдыруучу аппараттан 572 даанасы бар, - деди ал. - Пандемиянын башынан бери 23 ИВЛ аппаратын, 5 СИПАП жана 130 БИПАП аппаратын сатып алдык. Донорлордун эсебинен дагы 63 жасалма дем алдыруучу аппарат сатып алууга тендер өткөрдүк. Мындан сырткары, өткөн жумада Өзбекстандан 100 БИПАП аппараты келди. Бизге дагы 220 ИВЛ аппараты керек».

Республикалык штаб
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх